Akchabarsearch
Улуттук банктын алтынынын унциясы 1.5 миң сомго арзандады

Жарыяланган

2025-24-11, 09:05

Улуттук банктын алтынынын унциясы 1.5 миң сомго арзандады

Бүгүн, 24-ноябрга карата Улуттук банктын алтын куймаларынын унциясынын кайра сатып алуу баасы 358 миң 724.5 сом деп белгиленди.

Өткөн жума күнү, 21-ноябрда Улуттук банк алтындын унциясын (31.1035) элден 360 миң 277 сомдон сатып алып жаткан. Андан бери анын баасы 1 миң 1552.5 сомго арзандады.

Улуттук банк бүгүн алтын куйманын унциясын 364 миң 105.5 сомдон сатууда.

 


Тектеш материалды окуу