Жарыяланган
2025-23-01, 17:182024-жылы Кыргызстандын Каржы министрлиги баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу 1 млрд сом чогулткан. Бул тууралуу өткөн жылдын такталган бюджетинде айтылат.
Белгилеп кетсек, мекеме мындай инструменттерди биринчи жолу чыгарып, сатып алып, аларды андан ары өнүктүрүүгө негиз салган.
Эске салсак, 2023-жылдын июнь айында Каржы министрлиги накталай акча жүгүртүүгө болгон жүктү минималдаштыруу менен оперативдүү жана ачык-айкын операцияларды жүргүзүүгө көмөктөшүүчү мамлекеттик каржы инструментин түзүү ниетин билдирген.
"Санариптик казыналык облигациялар кредитордук карызды, анын ичинде салыктык жана салыктык эмес чегерүүлөрдү, ошондой эле финансылык эмес жана финансылык активдерди төлөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, санариптик баалуу кагаздарды киргизүү бир катар артыкчылыктарды, анын ичинде салттуу банктык системаларды колдонбостон заматта которууну, автоматташтырылган казыналык системасын чыңдоону жана кеңейтүүнү жана мамлекеттик башкаруу системасында санариптик технологияларды илгерилетүүнү камсыз кылат", - деп белгиледи Финансы министрлиги.