Akchabarsearch
Раззаковдогу жаңы ачылган мал базар жумасына 70-150 миң сом киреше алып келүүдө

Жарыяланган

2025-06-08, 13:44

Раззаковдогу жаңы ачылган мал базар жумасына 70-150 миң сом киреше алып келүүдө

Баткен облусунун Раззаков шаарында муниципалдык мал базар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Базардын аянты 60 миң чарчы метрди түзөт. Ал 1 миң баш бодо мал, 100 баш жылкы жана 5 миң баш майда жандыкка эсептелген. 

Мал базар жумасына 70 миңден 150 миң сомго чейин киреше табууда.

Анын сметалык баасы 50 млн 558.1 миң сомду түзөт. Учурда долбоордун 1 жана 2-баскычына 25 млн 988.5 миң сом жумшалган. Быйыл базардын ичине асфальт төшөө жана ылаңдаган мал үчүн атайын изолятор салуу пландалууда. 


Тектеш материалды окуу

  • Каржы министрлиги казына облигациялары аркылуу 443.6 млн сом ички карыз алды

    Каржы министрлиги казына облигациялары аркылуу 443.6 млн сом ички карыз алды Каржы министрлиги 6-мартта эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 443 млн 616 миң сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
    2026-09-03 12:00:13
  • ID-паспорт, чет элдик паспорт алуу үчүн баалар өзгөрдү

    2026-жылдан тартып Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси өзүн-өзү каржылоого өттү. Буга байланыштуу документтерди даярдоо, жарандык абал актыларын каттоо жана паспорттук кызматтар үчүн жаңы баалар белгиленди.
    2026-09-03 11:09:15
  • Кыргызстанда 50дөн ашык күрөөкана жабылды

    Кыргызстандагы күрөөканалар рыногу учурда «тазалоо» процессинен өтүп жатат. Жыл башынан бери Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ондогон күрөөканалардын лицензиясын жокко чыгарды, ошол эле учурда жаңы иштеп баштаган бир нече компанияларга уруксат берди.
    2026-09-03 10:16:24
  • УКМК: Республикалык кан борборунда коррупциялык схема токтотулду

    Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык кан борборунда коррупциялык схеманы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынна билдиришти.
    2026-09-03 10:06:47