Akchabarsearch
Жаңы “Ош базар” менен “Батыш унаа бекетине” бара турган жол салынууда

Жарыяланган

2026-18-06, 09:35

Жаңы “Ош базар” менен “Батыш унаа бекетине” бара турган жол салынууда

Бишкектин түндүк тарабындагы жаңы “Ош базар” менен “Батыш унаа бекетине” бара турган жаңы жол салынууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

Бул жаңы салынып жаткан жол Профсоюз көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чыгат. Анын жалпы узундугу 5.8 чакырымды түзөт.

Министрлик долбоор боюнча жаңы базар менен унаа бекетине бара турган дагы эки кошумча жол салынарын билдирди. Биринин узундугу 1.6 чакырым, экинчисиники 1.3 чакырым болот. 

“Мындан тышкары, долбоордун алкагында 13 суу өткөрө турган түтүк, жарыктандыруу, тротуарлар жана бир көпүрө куруу каралган. Көпүрөнүн узундугу 18 метрди, туурасы 25 метрди түзөт. Ал Чоң Чүй каналынын үстүнө салынууда”, - деп айтылат маалыматта.  


Тектеш материалды окуу