Akchabarsearch
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз акча алмаштыргандар аныкталды

Жарыяланган

2025-08-08, 10:08

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз акча алмаштыргандар аныкталды

Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы лицензиясы жок акча алмаштырып иштеген эки жаранга айып пул салды. Бул тууралуу аталган банк билдирди.

Алардын ар бирине 17 миң 500 сомдон айып салынган.

Буга чейин, 31-июлда Ош облусунун Өзгөн районунда мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаран аныкталып, алар 17 миң 500 сомдон айыпка жыгылган. 

 


Тектеш материалды окуу