
Жарыяланган
2025-24-02, 16:59Кыргызстандагы үй чарбалары сырттан келген акча которууларга көз каранды болуп баратат. Расмий маалыматка ылайык, 2024-жылдын алты айында үй чарбасынын жан башына орточо кирешеси 11 миң 95,41 сомду түздү.
Анын негизги бөлүгүн эмгек акы түзүп, жалпы кирешенин 41,18%ын (4 миң 569,26 сом) түзөт. Экинчи маанилүү булак болуп өлкөдөн тышкаркы иштерден түшкөн кирешелер, башкача айтканда, мигранттардын акча которуулары саналат. Алар үй чарбасынын кирешесинин 16,59% камсыздайт.
Бул көрсөткүч өзүн-өзү иш менен камсыз кылуудан жана пенсия, жөлөк пул сыяктуу социалдык трансферттерден түшкөн кирешеден көп. Акча которуулардан көз карандылыктын өсүү тенденциясы көрүнүп турат: 2020-жылы алардын үлүшү 12,22%ды түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 4,37 пайыздык пунктка төмөн.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылы чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар акча которуу системасы аркылуу мекенине 2 миллиард 989,5 миллион доллар жөнөтүшкөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 283,4 миллион долларга көп. Бардык трансферттердин 93%дан ашыгы же 2 миллиард 783,8 миллион доллары Орусиядан келген.



