Жарыяланган
2025-07-02, 14:16Министрлер кабинети Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн алкагында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого чыгымдарды бекитти.
Токтомго ылайык, PhD жана аспирантура (адъюнктура) боюнча күндүзгү бөлүмдө бир аспирант үчүн жылына 95 миң 800 сомду түзөт.
Акысыз билим алуу үчүн жылдык квота 20 орун. 15 орун Билим берүү жана илим министрлигине, 5и Улуттук илимдер академиясына бөлүнгөн.
Документ жаш окумуштууларды колдоого жана бюджеттик каражаттарды ачык бөлүштүрүүнү камсыздоого багытталган.