
Жарыяланган
2025-03-03, 09:28Бишкекте эки күндө коомдук транспорттун айдоочуларына 4 млн сомдон ашуун айып салынды. Бул тууралуу 1-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп, жүргүнчү ташыган автобустар менен кичи автобустар текшерилген.


