Akchabarsearch
Өзбекстандан келаткан 47.7 тонна дарбыз артка кайтарылды

Жарыяланган

2026-15-06, 17:03

Өзбекстандан келаткан 47.7 тонна дарбыз артка кайтарылды

Кең-Сай өткөрүү пунктунан Өзбекстандан ташылып келаткан 47 тонна 780 кг салмактагы дарбыз артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү учурунда дарбыз продукциясынын эки партиясында мыйзам бузуулар аныкталды. Бир жүктө фитосанитардык сертификат жок болсо, экинчи партиясында талапка ылайык маркировкасы болгон эмес. Ушуга байланыштуу жүк өлкөгө киргизилген жок.

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан мамлекеттик чек араларда фитосанитардык көзөмөл үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, өлкөнүн фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер улантылууда.

 


Тектеш материалды окуу