
Жарыяланган
2026-15-01, 09:17Өзгөн шаарындагы №10 муниципалдык аймактын башкармалыгында жалпы аянты 5 миң 897 чарчы метрди түзгөн жаңы мектеп курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Курулуш иштери мамлекеттик бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 262 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча мектеп 6 блоктон турат. Анда 43 окуу классы, жыйындар залы, дарыгердин бөлмөсү, ашкана жана бардык шарттары менен спорт зал каралат.



