akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-13-05, 15:40

    Жалал-Абадда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу башталды

    Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди. 

    Маалыматка ылайык, жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашат. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, саатына 350 жүргүнчүнү тейлейт. 

    Азыркы Жалал-Абад аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. Аэробекеттин имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси 1972-жылдан бери иштейт. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүм ага эсептелген эмес. 

    Жапаров жаңыдан курула турган «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропорту жалпы Фергана өрөөнүндө логистика, соода, туризм жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. 


    Тектеш материалды окуу