Жарыяланган
2025-10-07, 15:00Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддогу каражаттарды инвестиция кылуудан быйыл жарым жылда 3 млрд 270.1 млн сом киреше түштү. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жарым жылда Социалдык фонд Топтомо фонддогу 11 млрд 862.6 млн сомду инвестиция кылган. Аталган сумманын ичинен 6 млрд 967.6 млн сомду мамлекеттик баалуу кагаздарга салган. Анын кирешелүүлүгү 12.9-16%ды түзөт.
Ошондой эле 3 млрд 145 млн сом коммерциялык банктардагы депозиттерге 12 жана 18 айлык мөөнөткө 12.1-13% менен салынган.
Дагы 1 млрд 750 млн сом өлкөдөгү эмитенттердин акцияларына жайгаштырылган.
Ал эми буга чейин инвестицияланган акчалар боюнча быйыл алты айда 3 млрд 270.1 млн сом киреше алынган. Анын ичинен:
Эскерте кетсек, Топтомо фонд жарандардын Соцфондго төлөгөн каражаттарынын эсебинен түзүлөт. Жарандар Соцфондго эмгек акысынын 10%ын которсо, анын 2%ы Топтомо фондго түшөт. Бул каражаттар жарандар пенсияга чыкканда колуна берилет. Ошондой эле акчаны пенсияга чыкканга чейин эле, ипотекага үй алып жатканда, дарыланууга, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) алса болот.