
Жарыяланган
2026-03-09, 14:232026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанга 558.4 млн сомго күрүч импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Быйылкы алты айда Кыргызстанга 11 өлкөдөн 12 миң тоннага жакын күрүч ташып келинген.
Алсак, Казакстандан - 7.6 миң тонна, Индиядан - 1.3 миң тонна, Россиядан - 1.3 миң тонна, Пакистандан - 833.4 тонна, Өзбекстандан - 594.5 тонна импорттолгон.
Дагы 209.6 тонна - Тажикстандан, 65.1 тонна - Кытайдан, 3.1 тонна - АКШдан, 700 кг - Италиядан, 500 кг - Япониядан, 200 кг - Кореядан сатып келинген.
2025-жылдын жарым жылына салыштырган күрүчтүн импорту 3.1 миң тоннага көп болгон. Былтыр алты айда Кыргызстанга 8.8 миң тоннадай күрүч ташып келинген.



