
Жарыяланган
2026-01-06, 15:08Ата-энеси жок, жатак мектептерин бүтүргөн балдар үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан жатакана уюштурулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жатак-мектептерде жана кесиптик лицейлеринде окуган жетим балдар окуусун аяктагандан кийин, мурда жашап жүргөн жатаканаларынан чыгууга аргасыз болуп, жашай турган жери жок калып келишкен. Бул маселени чечүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан социалдык конок үй уюштурулган. Эми аталган бүтүрүүчүлөр бул жатканада жогорку окуу жайдагы окуусун аяктап, ишке орношконго чейин жашай алышат.
Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат. Учурда Бишкектеги жатаканада 16-18 жаштагы 25 бүтүрүүчү (10 жигит жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. Ушундай эле социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, анда түштүк аймактарындагы бүтүрүүчүлөр жашашат.
Бүгүн, 1-июнда президент Садыр Жапаров Бишкектеги социалдык жатаканага барып, ал жерде жашагандар үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыккан.

Садыр Жапаров 2020-жылы Президенттик кызматка киришкенден бери жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси анын артыкчылыктуу максаттарынын бири болгонун белгиледи.
“Бүгүн бул маселе иш жүзүндө чечилди: улан-кыздар жогорку окуу жайын бүтүрүп, жумушка орношконго чейин бир нече жыл ушул жерде жашай алышат”, — деди Мамлекет башчысы.
Алдыда аталган бүтүрүүчүлөр Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катыша алышат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик “Келечекке салым” программасынын алкагында берилүүчү топтомо депозиттеги 500 миң сом акчасын пайдалана алышат.



