Жарыяланган
2025-08-08, 13:23Жер жана суу мыйзамдарын бузгандарга дээрлик 4.5 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы бйыылкы жарым жылда 852 текшерүү жүргүзүп, 1 миң 53 мыйзам бузуу аныктаган. Анын жыйынтыгында 380 кишиге 4 млн 496 миң сом айып салынган.
Андан тышкары жерлерди бузгандарга 34 млн 999.2 миң сом доо коюлган.