Akchabarsearch
Жети айда Кыргызстанга 212.1 млн сомго капуста импорттолду

Жарыяланган

2026-06-10, 13:55

Жети айда Кыргызстанга 212.1 млн сомго капуста импорттолду

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 212.1 млн сомго капуста импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Өлкөгө жети айда 8284.2 тоннадай капуста ташып келинген. Анын көбү Кыргызстанга Өзбекстан (7027.1 тонна) жана Кытайдан (1131.9 тонна) импорттолгон.

2025-жылдын жети айына караганда быйылкысында капустанын импорту 992.7 тоннага азайган. Былтыр январь-июль айларында Кыргызстанга 9276.7 тонна капуста сатып келинген. 


Тектеш материалды окуу