Akchabarsearch

Жарыяланган

2024-04-09, 10:58

Жети айда Өзбекстанга туристтик максатта 1,2 млн кыргызстандык барган

2024-жылдын январь-июль айларында 4,2 млн чет өлкөлүк туристтик максатта барган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 562,5 миң адамга көбөйгөн, же 15,3%га өскөн.

Быйылкы жылдын январь-июль айларында Өзбекстанга туристтик максатта барган чет өлкөлүк жарандар:

  • Кыргызстан – 1,2 млн адам;
  • Тажикстан – 1,2 млн адам;
  • Казакстан – 845,8 миң адам;
  • Россия – 442,1 миң адам;
  • Түркмөнстан – 83,7 миң адам;
  • Түркия - 62 миң адам;
  • Кытай - 35 500 адам;
  • Индия – 33300 адам. 
     

Тектеш материалды окуу