Akchabarsearch
    Жыл башынан бери 26.6 миң адам пенсияга чыкты

    Жарыяланган

    2025-13-06, 14:34

    Жыл башынан бери 26.6 миң адам пенсияга чыкты

    Быйыл январь-май айларында өлкөдө 26 миң 593 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралу Социалдык фонд билдирди. 

    Алардын ичинен май айында 3 миң 30 жаран пенсияга чыккан, андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтерди тапшырган 1 мин 95 пенсионердин пенсиясы кайра эсептеп берилген. 

    Эскерте кетсек, жыл башына карата өлкөдө пенсионерлердин саны 797,4 миңди түзгөн.


    Тектеш материалды окуу