Akchabarsearch
ЖК комитети Азия өнүктүрүү банкынан жарым миллиард доллар насыя алууну экинчи окууда колдоду

Жарыяланган

2026-23-06, 11:19

ЖК комитети Азия өнүктүрүү банкынан жарым миллиард доллар насыя алууну экинчи окууда колдоду

Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алуу тууралуу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун экинчис окууда колдоду. 

Маалым болгондой, бул жарым миллиард болгон насыя 32 жылга алынат. Кыргызстанга 8 жыл жеңилдетилген мөөнөт берилип, ал мезгилде үстөк 1% болот. Жеңилдетилген мөөнөттөн кийин үстөк 1.5%ды түзөт. 

Акча кайсы тармактарга жумшалат:

• 105.5 млн доллар – чакан жана орто бизнеске насыя берүүгө, 
• 183.5 млн доллар – энергетика жана транспорт тармагына,
• 83 млн доллар – таштанды жана санитария тармагына, 
• 64.5 млн доллар – социалдык тармакка, 
• 63.5 млн доллар – климат жана айыл чарба тармагына бөлүнөт. 
 


Тектеш материалды окуу