Akchabarsearch
ЖК комитети Кытайдан 305 млн доллар насыя алууну экинчи окууда колдоду

Жарыяланган

2026-23-06, 14:19

ЖК комитети Кытайдан 305 млн доллар насыя алууну экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кытайдан насыя алуу тууралуу алкактык макулдашуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. 

Бул насыя Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу үчүн алынат. Анын суммасы 2 млрд 75 млн юанды (305 млн доллар) түзөт.  

Насыя 25 жылга алынат. Анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Насыянын үстөгү 1.5%ды түзөт. Кытай өкмөтү 730 млн юань насыянын үстөк пайызын төлөп берүү милдетин өз мойнуна алууда.  


Тектеш материалды окуу