Akchabarsearch
Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алууну биринчи окууда колдоду

Жарыяланган

2026-17-06, 11:08

Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алууну биринчи окууда колдоду

Жогорку Кенеш "Азия өнүктүрүү банкынан 500 млн доллар насыя алуу тууралуу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. 

Каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаевдин билдиргендей, аталган насыя 32 жылга алынганы жатат. Анын 8 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Жеңилдик мөөнөт учурунда үстөк 1% болсо, андан кийин 1.5%ды түзөт. 

Бул акчанын 105.5 млн доллары – чакан жана орто бизнеске насыя берүүгө, 183.5 млн доллары – энергетика жана транспорт тармагына жумшалат. 

Ошондой эле 83 млн доллар – таштанды жана санитария тармагына, 64.5 млн доллар – социалдык тармакка, 63.5 млн доллары – климат жана айыл чарба тармагына бөлүнөт. 


Тектеш материалды окуу