Akchabarsearch
ЖК Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин колдоду

Жарыяланган

2025-30-01, 11:15

ЖК Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш Санариптик өнүктүрүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин жактырды.

Кечээ, 29-январда президент Садыр Жапаров буга чейинки министр Нурия Кутнаеваны кызматтан бошотуп, анын ордуна Азамат Жамангулов милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

38 жаштагы Азамат Жамангулов 2010-жылы Кыргыз-орус славян университетин бүтүргөн. 2009-2015-жылдары “АТФ банк”, “Демирбанк” жана “РСК” банктарында иштеген. 2021-жылга чейин “Кыргызстандын лизинг компаниясында” эмгектенген.

2023-жылы “Мега” компаниясынын санариптик маркетинг бөлүмүнүн башчылыгы кызматын аркалаган. 


Тектеш материалды окуу