Akchabarsearch
Жогорку Соттун судьяларына дипломатиялык паспорт берүү сунушталууда

Жарыяланган

2025-17-09, 09:42

Жогорку Соттун судьяларына дипломатиялык паспорт берүү сунушталууда

Кыргызстандын Жогорку Сотунун судьяларына дипломатиялык паспорт берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорду депутат Балбак Түлөбаев демилгелеп, ал коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзамды иштеп чыккандар белгилегендей, Жогорку соттун судьялары өлкөдөгү сот тутумунун жогорку өкүлү катары Кыргызстандын атынан эл аралык иш-чараларга катышат, чет элдик кесиптештери менен иштешет. Бирок азыркы мыйзамдарда аларга дипломатиялык паспортторду берүү каралган эмес. Бул чек арадан өтүүдө негизсиз тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. 

Мындан улам депутат Жогорку соттун судьяларына дипломатиялык паспортторду берүүнү сунуштоодо. Бул паспорт алар соттук ыйгарым укуктарын аткарып турган мезгилге гана берилет. 

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча дипломатиялык паспорт мамлекеттик кызматта иштеген адамдарга берилет жана ал кызматтык сапарлар үчүн гана колдонулат. Аталган паспорт аны көтөрүп жүргөн адамга дипломатиялык кол тийбестикти же артыкчылыктарды бербейт (иммунитет болуш үчүн дипломатиялык паспорттун ээси Вена конвенциясына ылайык аккредитациядан өткөн болуш керек). Бирок дипломатиялык паспорттун ээлери макулдашуу бар өлкөлөргө визасыз кире алат. Ошондой эле аларга чек арадан өтүү, виза алуу жеңил болот. 

Дипломатиялык паспорт 5 жылга берилет. 


Тектеш материалды окуу