
Жарыяланган
2026-21-05, 09:46Жол эреже бузуп, “Коопсуз өлкө” камераларына түшүп калган айдоочуларга жол эреже бузуу тууралуу токтомдор 23-майдан тарта “Түндүк” тиркемеси аркылуу жөнөтүлө баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Айдоочу “Түндүк” аркылуу келген билдирүүнү көргөндөн кийин “Тааныштым” же “Таанышкан жокмун” деген баскычтардын бирин басат. Бул айдоочунун токтом менен таанышканынын расмий далили болуп, юридикалык күчкө ээ болот.
Эгер жаран электрондук токтом менен 30 күн ичинде таанышпаса, ал мурдагыдай эле почта аркылуу жөнөтүлөт.
Айыппулду “Түндүк” аркылуу онлайн төлөөгө мүмкүн болот. Өз убагында төлөгөндөргө жеңилдик каралган.



