
Жарыяланган
2026-03-07, 12:06Бүгүн, 3-июлда саат 23:00дөн тарта Бишкекте түнкү автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Биринчи баскычта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 каттамдары ишке киргизилет. Анын ар биринде үчтөн автобус элдерди ташыйт.
Автобустар күн сайын саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.
Кагаз акча, тыйын менен төлөгөндөр үчүн жол кире 90 сом болот.
Ал эми накталай эмес төлөгөндөр (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндөр) 20 сом үнөмдөй алат. Алар үчүн жол кире 70 сомду түзөт.









