Негизделген жылы1998 | Башкы кеңсеси | Кыргызская Республика, г.Бишкек, пр.Мира 303 |
Телефон | +996 (312) 55-11-82, +996 (559) 96-77-07 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 042, 042/1 | Сайт | www.bankasia.kg |
marketing@bankasia.kg |
«Азия Банкы» ЖАК 1998-жылдын 10-февралында түзүлгөн (Улуттук банктын 1998-жылдын 17-ноябрындагы №42 лицензиясы) жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъектиси катары катталган. «Азия Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасында 100% чет өлкө капиталын тартуу менен түзүлгөн банктардын катарына кирет.
Банктык кызмат көрсөтүүнүн толук топтомун: юридикалык жактарды жана жеке адамдарды кредиттөө, аккредитивдерди, банктык гарантияларды сунуштоо, депозиттер, кардарларды эсептешүү-кассалык тейлөө, валюталык операцияларды жүзөгө ашыруу, акча которуулар, VISA жана Элкарт төлөм карталары менен иш алып баруу банктын негизги иш багыты болуп саналат.
Бүгүнкү күндө «Азия Банкы» ЖАК кесипкөйлөрдүн биргелешкен күч-аракети менен түзүлгөн ишенимдүү финансылык түзүм. Банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы атаандаштыктын артып жаткан шартында банк жана анын кызматкерлери ишкердик чөйрөсүндө ишенимдүү жана акыйкат иш алып барган өнөктөш катары татыктуу аброюн тастыктоо менен өз ара алгылыктуу мамиленин негизинде иш алып барууда. Кардарлардын ишениминин артышы банк ишинин туруктуулугуна, маалыматтардын купуя сакталышына кепилдик берүү менен ачык-айкын иш алып баруу туура чечим кабыл алууга өбөлгө түзөт.