Akchabarsearch
«Азия Банкы» ЖАК

«Азия Банкы» ЖАК

ЗАО «Банк Азии»

Банк жөнүндө маалымат

Негизделген жылы

1998

Лицензия

042, 042/1

Башкы кеңсе

Кыргызская Республика, г.Бишкек, пр.Мира 303

Телефон

+996 (312) 55-11-82, +996 (559) 96-77-07

Электрондук почта

marketing@bankasia.kg

Вебсайт

http://www.bankasia.kg/

«Азия Банкы» ЖАК 1998-жылдын 10-февралында түптөлгөн (Улуттук банктын 1998-жылдын 17-ноябрындагы №42 лицензиясы)  жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъектиси катары катталган. «Азия Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасында 100% чет өлкөлүк капиталдын катышуусунда  түзүлгөн банктардын катарына кирет.

Банктын өнүгүү стратегиясы Банктын рыноктук үлүшүн мындан ары жогорулатууну, кардарлардын бардык топтору үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүүнү, Банктын кызматтарына жетүү үчүн электрондук каналдарды жакшыртууну, ошондой эле туруктуулукту бекемдөөнү жана бренддин таанылышын жогорулатууну камтыйт. 
Банктын негизги ишмердүүлүгү банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүү: юридикалык жана жеке жактарга насыя берүү, кардарлар үчүн кассалык эсептешүү кызматтары, валюталык операциялар ж.б. Банктын ишинин негизги критерийи - бул сапат, ар бир конкреттүү кардардын жеке муктаждыктарына толук көңүл буруу. 

Ошондуктан, корпоративдик финансы чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын кеңири тизмесинен тышкары, банк жеке кардарларга өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү сунуштайт.
 

Төлөм карталарын тейлейт

  • Виза
  • Элкарт

Финансылык көрсөткүчтөр

Жылдык активдер
Активдер 2025
81929442 миң сом
Жылдык киреше
Киреше 2025
1067408 миң сом