Эски купюра же тыйындарды эмне кылуу керек?
Ар бир экономикалык системада акча эӊ маанилүү элемент катары бааланат. Тилекке каршы, жүгүртүүдө жүргөн банкноттор акырындык менен жарактан чыгып, өзүнүн сатыкта жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Акчанын керектен чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок анын накталай жүгүртүүдө жүрүү мөөнөтүнүн узартылышы ар бирибиздин акчага карата кылган мамилебизден көз каранды. Улуттук валютага аяр мамиле жасоо, эскирген, жыртылган банкнотту же кертилген монетаны кайда алып барып өткөрүү керек деген маселе боюнча Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Кассалык операциялар бөлүмүнүн начальниги Салтанат Аубакирова менен маектештик.
2019-12-09 03:20:54