Негизделген жылы2000 | Башкы кеңсеси | г. Бишкек, ул. Уметалиева, 76 |
Телефон | +996 (312) 905-805 +996 (770) 905 805 | |
КР Улуттук банктын лицензиясы№ 050, 50/1 | Сайт | www.baitushum.kg |
baitushum@baitushum.kg |
Бай-Түшүм финансы рыногунда 2000-жылдан бери иштеп келет. Ал өз ишин 1997-жылы ал американын ACDI/VOCA ӨЭУ менен швейцариянын Caritas уюмунун «Food for Progress» эл аралык программасынын монетизациялоо боюнча ачылган долбоору менен баштаган. «Бай-Түшүм» 15-жыл аралыгында финансы фондунан тартып, депозиттик лицензияга ээ болгон микрофинансалык компаниялдан толук банктык лицензияга ээ болуу үчүн динамикалуу жолду басып келген банк. Бул мезгил аралыгында Кыргыз Республикасында эң ири финансылык институт катары белгилүу болуп, жалпы активдеринин көлөмү 8,3 млрд. сомов жана кардарларынын базасы 60 миң адамга жеткен.
Динамикалуу өсүү, кардарларга чакан бизнестен ири бизнеске,компанияларга чейин колдоо көрсөтүү , ар дайым жаңылануу, жаңы технологияларды киргизүү, аралыктан туруп тейлөө жана бизне-процесстерди оптималдаштыруу «Бай-Түшүм» банкына банк секторунда кредиттик портфели боюнча алдынкы 6-банктын, баштапкы капиталы менен 8- банктын катарына кирип, активдери менен 9-орунга чыгуусуна негиз болду.
Көп жылдан бери чогулган ийгиликтүү ишкердик, эл аралык тажрыйбаларды ишке ашыруу, бизнес-процесстерди ар дайым жаңылоо, кардарларга жоопкерчиликтүү мамиле түзүү, акционерлер менен инвесторлорду колдоо, ойлонулган кадрдык саясат жана так багытталган стратегиялык өнүгүү Банкты өз ишмердигинде алдыга сүрөп чыгууда.
«Бай-Түшүм» банкы кеңири филалдык түйүндөргө ээ болуу менен ишкерлерге өлкөнүн баардык аймагында финансалык кеңири тейлөө көрсөтүп, Кыргыз Республикасында финасалык кызматтарды терең пайдаланууга өбөлгө түзүүдө.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.