ЗАО «ФИНКА Банк»
Негизделген жылы
2015Лицензия
051, 051/1Башкы кеңсе
Бишкек, ул. Шопокова 93/2Телефон
+996 (312) 44 04 40Электрондук почта
finca@fincabank.kgВебсайт
http://www.fincabank.kgFINCA (Foundation for International Community Assistance), кыргыз тилине которгондо – “FINCA Банкы” аз кирешеге ээ адамдардын бизнесин өнүктүрүүгө жана бакубаттуулугун жогорулатууга керектүү болгон продукттарга жана кызматтарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштейт. Ал Латын Америкасында 1985 -жылы негизделген. FINCA банкынын башкы принциби аз камсыз болгон, жакыр адамдардын тобуна күрөөсүз, жеткиликтүү пайыздык ченде насыя берүү жана алардын бизнес баштоосуна өбөлгө түзүү болуп саналат.
Учурда FINCA International дүйнөнүн 20 мамлекетинде иштеп, 2,7 миллиондон ашык кардарларды тейлейт. FINCAнын башкы кеңсеси Вашингтондо, Колумбия округунда жайгашкан.
FINCA компаниясы Кыргызстанда 1995-жылы аз камсыз болгон ишкерлерди колдоо, айрыкча аялдарга артыкчылык берүүгө багытталган программасы менен ишмердүүлүгүн баштаган. 2001-жылы FINCA кардарларынын саны 20 000 адамга жеткен. Кредиттик портфели 3 272 782 АКШ долларын түзгөн. FINCA кеңселери өлкөнүн баардык аймагын камтыган.
2005-жылы FINCA Кыргызстан компаниясы он жылдык мааракесин белгиледи. Ушул жылы FINCA Американын Соода Палатасына мүчө болду. FINCA компаниясынын демилгеси менен Микрокаржылык уюмдардын бирикмеси түзүлдү (АМФО).
2009-жылы компаниянын активдүү насыячыларынын саны 100 миң кардарга жеткен. 2012-жылы FINCA Кыргызстанда финансалык сабаттуулук боюнча долбоорду ишке киргизишкен. Банк ушул жылдар аралыгында финансалык сабаттуулук боюнча 2438 тренинг өтүп, 51 574 адамды окутушкан. FINCA Global Money Week (Дүйнөлүк Акча жумалыгына) катышып, окуучулар менен студенттер арасында билим берүү менен катар, окуу куралдарын чыгарып келишет.
2015-жылдын март айында “ФИНКА МКК” ЖАК банктык лицензияга ээ болуп, “ФИНКА Банк” ЖАК болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк ишмердигин жүргүзүү үчүн толук лицензиясына ээ болуп, анда банк операциялары чектөөсүз жасалат. Ошондой эле, чет элдик валюталар менен иштөөгөдагы лицензия берилген. 3-марттан тарта «ФИНКА Банкы» ЖАК КР Улуттук банкынын коммерциялык банктары боюнча реестрине кирди.