O!Bank — жеке жактарга жана бизнеске финансылык кызматтарды көрсөткөн санариптик банк.
Банк «Мой О!» экосистемасына кирет — финансылык, телекоммуникациялык, соода жана башка сервистерди бириктирген Кыргызстандагы ири санариптик платформалардын бири.
Банктын бардык өнүмдөрү жана кызматтары «Мой О!» тиркемесинде жеткиликтүү: эсептер, кредиттер, депозиттер, которуулар, төлөмдөр жана башка сервистер.
Санариптик чечимдер
O!Bank заманбап төлөмдүк жана трансчегаралык чечимдерди өнүктүрүүдө. Банк Кыргызстанда биринчилерден болуп Kaspi.kz’ке жана Өзбекстандын банктарынын карталарына ыкчам онлайн-которууларды ишке киргизди.
Ишкерлер үчүн O!Business санариптик платформасы иштейт. Ал платформа банктык кызматтарды жана корпоративдик финансыларды онлайн түрүндө башкарууга мүмкүндүк берет.
O!Bank Кыргызстанда биринчилерден болуп Visa карталарынын кармоочулары үчүн Apple Pay’ди иштетти.
Сыйлыктар жана жетишкендиктер
O!Bank Visa эл аралык төлөм системасынын сыйлыктарына ээ болгон:
•2024 — Visa карталарын колдонуу менен POS-терминалдарда жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү үчүн;
•2025 — Beyond Banking стратегиясын ишке ашыргандыгы үчүн;
•2026 — Visa Direct жана Visa+ сервистерин ишке киргизгендиги үчүн;
•2026 — Кыргызстанда Apple Pay’ди ишке киргизгендиги үчүн.
2025-жылы O!Bank БАПБнын үч номинациясында жеңүүчү деп табылган:
•«Элкарт» төлөм түзмөктөрүн эмиссиялоо боюнча биринчи банк;
•бизнес-ELQR’ды илгерилетүү боюнча жылдын банкы;
•ELQR системасында кириш C2B-төлөмдөрдүн көлөмү боюнча жылдын банкы.
Тейлөө тармагы
O!Bank тейлөө кеңселеринин жана түйүндөрүнүн тармагын өнүктүрүп, бүт Кыргызстан боюнча бар болуусун кеңейтүүдө. Банктын инфратүзүмү өлкөнүн ири шаарларын жана аймактарын камтыйт.
Кардарларга сактык жана көчмө кассалары, банкоматтар, терминалдар жана нактаматтар жеткиликтүү. Айрым банктык кызматтарды 110дон ашык O!Store дүкөндөрүнөн да алса болот.
O!Bank өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2024-жылдын 17-сентябрындагы № 44 лицензиясынын негизинде жүргүзөт. Аталышын алмаштырганча чейин банк Кыргызстандын рыногунда 20 жылдан ашык иштеген «Халык Банк Кыргызстан» ААК деп аталган.