Улуттук банк расмий валюталар курсун жарыялады
Маалыматка ылайык, евронун курсу 0.08%га өсүп, 99.3672 сомду түздү. Рубль 0.97%га арзандап, бир рублдын курсу 1.0497 сом деп белгиленди.
SWIFT системасы – бул дүйнөнүн каалаган өлкөсүнө жана каалаган валютада акча каражаттарын которууга мүмкүндүк берүүчү чет элдик валютадагы эл аралык акча которуулардын системасы. Артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү: USD, EUR, RUB, KZT, GBP, CNY сыяктуу түрдүү валюталарда акча которууларды жүргүзүүгө болот. Которуу суммасына эч кандай чектөө жок. Акча которуу системасы бардык өлкөдө иштейт. Жеке адамдарга да, уюмдарга да акча каражаттарын жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Которуу мөөнөтү 2-5 күн. Акчаны которуу үчүн идентификациялык документти (паспорт) жана алуучунун реквизиттерин, анын ичинде банктардын аталышын жана SWIFT коддорун, эсептин номерин, алуучунун реквизиттерин жана төлөм максатын көрсөтүү керек. Банктык комиссия да төлөнөт.