Соцфонд кимдердин пенсиясы 8.8 миң сомго жетпей калышы мүмкүн экенин айтты
Кыргызстанда 1-октябрда пенсияны көбөйткөндөн кийин баккан адамынан ажырагандыгы жана майыптыгы боюнча пенсия алгандардын акчасы минималдуу пенсияга жетпей калышы мүмкүн. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

