Akchabarsearch
  • 87.44
  • 98.24
  • 1.06
  • 0.19
  • 13.1

Президент Садыр Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды

Президент Садыр Жапаров 29-октябрда Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинде тапшырды.

«Жыргалаң» санаторийинин кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Ысык-Көл облусундагы «Жыргалан» санаторийинин кызматкерлеринин айлыгы жыл аягына чейин жогорулатылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев санаторийдин жамааты менен жолугушууда билдирди.

«Ала-Арчада» дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө курулат

«Ала-Арча» жаратылыш паркында узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрө курулат. Көпүрө дүйнөдөгү эң узун айнек асма көпүрө катары Гиннесстин рекорддор китебине кириши мүмкүн. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Кыргызстанда чакан жана орто бизнестин импорту экспорттон 5 эседен ашык көп болду

2025-жылы Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес чет өлкөлөрдөн 7.36 млрд долларлык товар алып келип, 1.3 млрд долларлык товар экспорттогон. Башкача айтканда, импорт экспорттон 5 эседен ашык көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Баткенде 9 айда бюджетке дээрлик 3 млрд сом салык түштү

2026-жылдын январь-сентябрь айларында Баткен облусунан мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн 106.6 миң сом салык түшкөн. Бул тууралуу облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.